Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту.
Ал жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде артта калтырып, финалга чыкты.
Ал эми чечүүчү финалдык беттеште кытайлык спортчу Юнуян Хуангды 10:7 эсебинде ишенимдүү утуп, алтын медаль тагынды.
Муну менен Айпери Медет кызы Азиянын эки жолку чемпиону аталды.