• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Айпери Медет кызы U23 дүйнө чемпионатынан алтын утту

5 Жетинин айы 2021 8:42 Бишкек Govori.TV

Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта алтын утту. Ал 5-ноябрга караган түнү финалда Колумбиянын спортчусу менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңип алды.

Кыргызстандык балбан мелдешти 3-ноябрда 76 килограммга чейинки салмак категориясында баштаган.

Жарым финалга чейин Айпери Медет кызы эки беттеш өткөрдү. Алгач Эквадор өкүлү Генезис Росангалены (4:0), чейрек финалда индиялык Бипаша Бипашаны жеңип алган эле (4:0).

Айпери Медет кызы 22 жашта. Ал бир ай мурда Норвегиянын Осло шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло алган.

Количество просмотров: 242