• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балбан Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

13 Бештин айы 202412:34 Бишкек Govori.TV

Айтылуу мекендешибиз, балбан Айпери Медет кызы күрөштүн биргелешкен дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинде 2024-жылы биринчи орунга чыкты.

Айпери быйылкы жылы төрт ири турнирге катышкан, анын ичинен 3дө жеңишке жеткен.

Натыйжада жыйынтыктоочу көрсөткүчтө ал 46 миң упайга ээ болуп, биринчи орунду ээлеген.

Ал эми Айсулуу Тыныбекова 62 килолук салмакта үчүнчү орунду ээлесе, Мээрим Жуманазарова 68 килолук салмакта бешинчи орунга чыккан.

Эске салсак, Айпери Медет кызы жайкы олимпиадада бешинчи орунга татыктуу болгон. Буга чейин дагы анын бул рейтингде биринчи орунга чыккан учуру катталган.

Количество просмотров: 306