Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда, Чүй, Ош облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон бел ашуусунда жолдун тайгагынан улам унаа тыгындары орун алган. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн 0…-5
күндүз +2…+7
Талас облусу
түнкүсүн 0…-5
күндүз +2…+7
Баткен облусу
түнкүсүн -3…+2
күндүз + 5 … +10
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн -2… + 3
күндүз +6 … +11
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -1…-6
күндүз +2…+7
Нарын облусу
түнкүсүн -10…-15
күндүз 0…-5
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с.абанын минималдуу температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +3…+5 градус болот.