• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айрым депутаттар Баткенге бир айлык маянасын котормой болду

2 Бирдин айы 202211:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Баткен облусуна колдоо көрсөтүү үчүн бир айлык маяналарын которуу демилгесин айтышты.

Депутат Кундузбек Сулайманов депутаттардын баарын эле бир айлык маянасын которууга чакырды. Ал эми депутат Марлен Маматалиев эгер эмгек акы которула турган болсо даректүү түрдө которуу керектигин айтты.

Натыйжада ар бир депутат маянасын ыктыярдуу түрдө которо турган болду.

Количество просмотров: 171