• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айрым шайлоо тилкелеринде электрондук урналар иштебей жатканы айтылды

10 Үчтүн айы 2021 10:15 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жайгашкан №1046 шайлоо бөлүмүндө электрондук урна иштебей калып, учурда шайлоочулар мурдагыдай эле жөнөкөй урнага шайлап жатат. Бул тууралуу БШКнгын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова жазды.

Ал эми соцтармактын колдонуучусу Байтик айыл өкмөтүндө шайлоо тилкесинде ноутбуктар иштебей калганын жазды. Анын айтымында иштебей калган техниканы оңдоого бир, бир жарым саат убакыт керектелет.

Ал арада мындай көрүнүштөр Ошто да катталганын соцтармактын колдонуучулары жазууда.

Бүгүн, 10-январда 8:00дө Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум башталды. Шайлоо кечки саат 20:00дө аяктамакчы.

Шайлоо жана референдумга байланыштуу баш-аягы 2 394 шайлоо участогу ачылды. Алардын ичинен 48и чет мамлекеттерде. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, шайлоочулардын соңку тизмеси 3 563 574 болду.

Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салып 17си калган. Ал эми башкаруу формасы боюнча БШКга каттоодон өткөн “макул”, “каршы” топтору да өз үгүт иштерин жүргүзүштү.

Количество просмотров: 73