• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Айрым жергиликтүү соттор мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынды

7 Теке 202012:11 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайлангандыгына байланыштуу 2020-жылдын 18-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын төмөнкү жергиликтүү соттору мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулду:

— Ош шаардык сотунун судьясы Атаназаров Нурланбек Алайдинович;

— Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы Гилязетдинова Инара Ильгизовна;

— Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы Жоомартов Кумушбек Рысбекович;

— Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы Эшалиев Нурманбет Касымбекович.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 192