«GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Айсара Караева.
Караева Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунан келген 4 кыздын апасы. Үй-бүлөсүндө көйгөйлөрү бар жарандарга көмөк көрсөткүсү келет.
«Ноокен районунда 5-6 жылдан бери жаштар менен иштешип келе жатам. Чыр-чатактарды алдын алуу боюнча окуучулар менен дагы иш алып барам. Учурда ар кандай ийримдерге барып өзүмдү өнүктүргүм келет»,-деди Караева.