• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айсулуу Тыныбекова атаандашын утуп, коло медалга ээ болду

11 Баш оона 20241:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-августта Айсулуу Тыныбекова килемге чыкты. Ал кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 62 килограмм салмакта монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешти.

Кыргыз балбан кызы атаандашын 6:6 упай менен утуп, коло медалга ээ болду. Акыркы кыймыл-аракет Айсулуу Тыныбекова тараптан болгондуктан жеңишке жетти. Тагыраагы, алгач эки упайлык, кийин төрт упайлык ыкманы жасап, атаандашын утуп алды.

30 жаштагы Орхон Пуревдорж менен Айсулуу Тыныбекова буга чейин бир нече жолу күч сынашып, жеңиш Айсулуу тарапта болгон.

Количество просмотров: 314