• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Раззак Бейшекеев жаштар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

22 Тогуздун айы 20249:49 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыкты.

Мелдеш 23 жашка чейинки балбандар арасында Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүүдө.
Бейшекеев 67 кг салмакта күрөшүүдө. Алгачкы күрөшүндө албаниялык балбанды 2 мүнөт 24 секундда уткан. Андан кийин азербайжандык спортсменди жеңген.

Чейрек финалда япониялык спортсменди 79 секундда утса, финалга чыгыш үчүн беттеште польшалык балбанды 51 секундда утту.

Финалда анын атаандашы грузиялык спортсмен болмокчу. Финалдагы күрөш бүгүн, 22-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө өтөт.

Количество просмотров: 121