• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айсулуу Тыныбекова баштаган балбан кыздар Японияга жөнөп кетишти

28 Теке 202112:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июлда «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн кыз-келиндер боюнча Кыргызстандын курама командасы Японияга учуп кетишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер курамасынан Олимпиадага жолдомо уткан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы Японияга жөнөп кетишти. Балбан кыздарды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев коштоп кеткен.

Белгилей кетсек, 1-август күнү Айпери Медет кызы күрөшсө, 2-августта Мээрим Жуманазарова беттешет. 3-август күнү Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат.

Количество просмотров: 731