• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Айсулуу Тыныбекова Баткенге барды (Сүрөт)

11 Бештин айы 2021 10:31 Бишкек Govori.TV

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тыныбекова бүгүн, 11-декабрда КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Алимбаев менен жолугушту. Облус башчысы Айсулуу Тыныбекованы спорт жаатында жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, өз кезегинде чакыруусун кабыл алып, облустун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүп келип бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова облус башчысына, жылуу кабыл алгандыгы жана айтылган каалоо тилектери үчүн рахматын айтып, анын ар бир жеңиши кыргызстандыктарга арналаарын айткан.

Количество просмотров: 549