• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айсулуу Тыныбекова: Бул жеңилүү мен үчүн сабак болду

15 Аяк оона 2022 15:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү Акжол Махмудовду, Жоламан Шаршенбековду жана коло медаль тагынган Амантур Исмаиловду куттуктады.

«Чемпиондор! Акжол, Жоламан жана Амантур силерди жеңишиңер менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мен, биздин жетишкендиктерибиз жана спортчуларыбыз менен сыймыктанам! Ошондой эле бул ийгиликтердин башталышы гана экенин ишенимдүү түрдө айта алам.

Мен дагы дүйнөнүн үч жолку чемпиону болуп күйөрмандарыма майрам тартуулайлы дедим эле, тилекке каршы, эки жолу жеңишти камсыздап, үчүнчүсүндө алдырып жибердим.

Көпчүлүк мени капа болуп жатат деп ойлоп, тынчсызданып жатышат. Бирок, андай эмес. Билесиңерби, мен бул окуяга тескерисинче бир аз кубандым.

Анткени, бул жеңилүү мен үчүн сабак болду. Дагы да көп иштешим керек экенин сездим. Өзүм менен күрөшөм, күчтүү экенимди билем, баарына чыдайм!», — деп Айсулуу Тыныбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.

Количество просмотров: 787