• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиев Кыргызстанга келди

26 Баш оона 202511:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-августта 20 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатынын (U-20) грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмактык категориядагы дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиев Кыргызстанга кайтып келди.

Дүйнө чемпионун “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчунун жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Дүйнө чемпонаты 17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында өттү. Ал сегиз күнгө созулуп, алгач эркин күрөш, андан соң кыз-келиндер арасында күрөш, ал эми 24-августта грек-рим күрөшү менен жыйынтыкталган.

Количество просмотров: 121