• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024
WW 62kg Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

20 Аяк оона 2023 22:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Жарым финалда кыргыз балбаны германиялык Луиза Ниемеш менен күч сынашып, аны 4:2 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Ошону менен бирге Тыныбекова Парижде өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Тыныбекова 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 финалдан тарта катышууда.

Биринчи беттеште кыргыз балбаны польшалык жана молдовалык эки атаандашынын тең далысын жерге басып, таза жеңиш менен чейрек финалга өткөн. Ал эми чейрек финалда кыргыз балбаны 2:2 эсебинде украиналык Ирина Коляденкону сапаты боюнча жеңип, турнирдин жарым финалына өткөн.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

Количество просмотров: 114