Балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда жарым финалга чыкты.
Дүйнө кубогу ушу тапта Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
Тыныбекова 62 килограмм салмакта килемге чыгып, румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду жеңди.
Спорттук күрөш түрлөрү боюнча дүйнө кубогу 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнүн балбандары күч сынашты. Кыргызстандын атынан тогуз балбан тогуз салмак категориясында килемге чыкты.