• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунун финалына чыкты

15 Бештин айы 20209:43 Бишкек Govori.TV

62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты.

Тыныбекова кечээ, 14-декабрда 1/8 финалдык баскычта румыниялык спортчуну 10:0 эсебинде жеңген. 1/4 финалдык баскычта түркиялык Кансу Аксой менен беттешип, аны да 10:0 эсебинде утту.

Ал эми финалга чыгуу үчүн Тыныбекова Любовь Овчарова (Россия) менен күрөшүп, аны 13:2 эсебинде жеңип алды.

Финалдык беттештер бүгүн, 15-декабрда башталат.

Количество просмотров: 189