• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айсулуу Тыныбекова Камчы Көлбаевден унаа алгандыгын айтып, ага ыраазычылык билдирүү жазды

10 Үчтүн айы 2021 11:04 Бишкек Govori.TV

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова кримавторитет Камчы Көлбаевге ыраазычылык билдирүү жазды.

Чемпион бул билдирүүнү баракчасына жарыялаган.

«Бүгүн мени колдогон агам Камчыбек Көлбаев жөнүндө жазгым келет. Ал мага берген белеги жөнүндө айтып берүүнү чечтим. Жардам катары сунушталган белек үчүн чоң рахмат!

2017-жылы Парижде өткөн Дүйнө чемпионатынан ийгиликтүү кайтып келгенимде мага Toyota CHR маркасындагы жаңы авто унаасын белек кылган. Чынын айтсам ошол жылдары спорттук травма алып көңүлүм түшүп кыйналып жүргөн кезим эле. Бул ийгилигимди жалгыз сиз баалап кийинки бийиктиктерди багынтыгууга түрткү боло алдыныз, жаны авто унаалуу болуп көңүлүм көтөрүлүп алдыга койгон максаттарды ишке ашырууга куч кубат алдым. Колдоо учун дагы бир жолу рахмат айтам!», — деп жазган ал.

Эске салсак, буга чейин ЖМКларда жана социалдык тармактарда Камчы Көлбаев Айсулуу Тыныбековага материалдык жардам көрсөтүп жатат деген маалыматтар тараган.

Количество просмотров: 186