• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Азиянын бешинчи жолку чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүм бар эле». Тыныбекова кайрылуу жасады

22 Чын куран 2022 21:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн менин Азиянын бешинчи жолку чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүм бар эле. Колумдан келген аракетти жасадым. Эки жолку кармашта утуп, финалга да жеттим. Бирок, тилекке каршы, чечүүчү мүнөттөргө келгенде жаракат алып калдым. Профессионалдуу спортто мындай учурлар болот экен. Өтө көп жазганга шартым болбой турат. Бирок, ошентсе да колдоолор үчүн чоң рахмат! Колдоолорду мен ар дайым сезип келем жана дал ошол колдоолор мага дем берет. Менин эң негизги мотивация жана эргүү алуучу булагым — силерсиңер!», — деп жазган Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Тыныбекова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон.

Количество просмотров: 1078