• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусуна батир белек кылды

19 Жалган куран 2022 9:18 Бишкек Govori.TV

Токио Олимпиадасынын күмүш байгесин уткан кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир белек кылды.

Маалым болгондой, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго арналып, «Нурбек агай» даректүү тасмасынын бет ачары өттү.

Премьеранын жүрүшүндө чемпион Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусуна батирдин ачкычын тапшырды.

Белгилей кетсек, Изабеков 2010-жылдан тарта Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу. Анын колунда машыккандар өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасындагы Азия, дүйнө чемпионатынан жана эл аралык мелдештерден байгелүү орундарга ээ болуп келет.

Количество просмотров: 250