• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Айсулуу Тыныбекова: Менин атымдан фейк баракча ачып, акча табуунун аракетин көрүп жатышат

15 Аяк оона 2021 15:38 Бишкек Govori.TV

Токио Олимпиадасындагы күмүш байгенин ээси Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактарда анын атынан фейк баракчаларды ачып, алдамчылык менен акча табууга аракет кылып жаткандар бар экенин айтты.

Тыныбекова “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу жалган акцияларга ишенбөөгө чакырган.

“Менин атымдан белгисиз адамдар “Фейсбукта” фейк баракча ачып алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатышат. Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм. Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адамдар акцияга катышып жаткандары көрүнүп турат”, — деп жазды.

Количество просмотров: 112