• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Айсулуу Тыныбекова: Олимпиадада күжүрмөн даярдык көрөбүз (Видео)

21 Аяк оона 2019 20:04 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков бүгүн Бишкекке учуп келишти.

Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты.

«Мен элиме Олимпиадада алтын алам деп сөз бергем. Ошол убадамды аткарып, ушундай эле күжүрмөн даярдык көрөбүз. Эч кандай интервью бербей машыгам. Бишкекке келип ого бетер толкунданып жатам. Нур-Султандагы сезимдер таркай элек», — деди Тыныбекова.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 91