Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары-УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 13-февралда Кыргызстанга келгенин «Регион ТВ» телеканалы кабарлады.
Түндө анын учагы аэропортко конду.
Ал Германиядан келип, дарыланып жаткан
Буга чейин журналист Нургазы Анаркулов Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып келерин жазган.
«Учурда, социалдык тармактарда элдик генерал Камчыбек Ташиевдин Кыргызстанга келер-келбеси боюнча ар кандай божомолдор айтылып жатат. Ошого байланыштуу, тактоо иретинде билдирип коюуну туура көрдүм. Камчыбек Ташиев дарылануусу толук аягына чыкпаганына карабастан, кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга эртең менен келет.
Ошол эле учурда Камчыбек Ташиев тарапташтарына “эч ким мени тосуп алууга келбесин”- деген суранычын билдирди”,- дейт Анаркулов.
Ташиевди тарапташтары бир нече унаа менен тосуп алышты. Болжолдуу унааларды Ташиев УКМКнын башчысы болуп турганда колдонгон.