Балбан Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышат. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-августта сыйлык тапшыруу аземинде билдирди.
«Урматтуу Садыр Нургожоевич жана бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары! Сиздер менен жүз көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын. Келе жаткан Эгемендүүлүк майрамыңыздар менен куттуктоого уруксат этиңиздер, Токио шаарында өткөн оюндарда сиздин колдооңузду сезип турдум. Мен жеткен күмуш медалымды өлкөнүн 30 жылдыгына арнайм. Буюрса ден соолук берсе Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Алтын байге алуу үчүн бүт күчүмдү жумшайм»,-деди Тыныбекова.
Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында аялдар күрөшү боюнча күмүш медаль алган.