• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айсулуу Тыныбекова Польшада алтын медаль тагынды

11 Кулжа 20218:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун расмий сайтында маалымдалат.

Тыныбекова финалда канадалык Ана Паула Годинезди 7:1 эсебинде артта калтырып, алтын медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, мелдеш 8-июнда Варшава шаарында башталган, 13-июнга чейин уланмакчы.

Количество просмотров: 404