• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айсулуу Тыныбекова: Саясатка аралашпайм

12 Баш оона 202013:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова спорттогу карьерасы аяктаганга чейин саясатка аралашпай тургандыгын социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.

«Урматтуу менин күйөрмандарым! Учурда жашообуз өз нугуна түшүп бара жаткандай. Мындан ары өлкөбүздө кыйын кырдаал болбошун Кудайдан тилейм. Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Буга байланыштуу өз ниетимди билдирип койгум келди. Мен спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм! Себеби, саясат спортчунун алдына койгон максатына жетүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Учурда 2021-жылы боло турган олимпиада оюндарына өз машыгуумду баштадым. Бул оюнда чоң ийгилик жаратуум керек. Ал үчүн тынымсыз эмгектенип жатам. Менин убактым саясатка эмес, машыгууга араң жетүүдө. Мага Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиретүү өтө маанилүү. Жүрөгүмдө дайыма мекендештерим жана күйөрмандарым! Баарыңыздарга ден соолук каалайм», — деп жазган спортчу.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер, КРдин көп жолку чемпиону.

Количество просмотров: 163