• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айсулуу Тыныбекова соцтармактардан четтей турууну чечти

18 Жалган куран 2021 18:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактардан убактылуу четтей турууну чечти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалм болгондой, Тыныбекова Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына кызуу даярданып жатат.

«Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү. Себеби Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары жакындап калды. Машыгуу процесстери улам күчөп, жоопкерчилик артып жатат. Бизге талап катуу, тартип биринчи орунда.Мындан улам социалдык тармактардан алысыраак болууга туура келип жатат. Азыр убактымды машыгууларга арнасам туура болот деп эсептейм. Менин чечимимди колдойсуздар деп ойлойм.Ушул себептен дос, туугандардан келип түшкөн каттарга, чакырууларга жооп бербесем кечирим сурайм. Социалдык тармактардагы баракчаларымды колдонууну токтото турам», — деп жазды Тыныбекова.

Количество просмотров: 162