Күрөш боюнча кыз-келиндер арасында алгачкы жолу Олимпиададан күмүш байге алган Айсулуу Тыныбекова Токио шаарынан видео кайрылуу жасады.
Спортчу кыз кыргызстандыктардын каалоо-тилектерине ыраазычылык билдирген.
«Ардактуу кыргызстандыктар! Азыркы учурга чейин көптөгөн каалоо-тилектер айтылып жатат. Анын баары орундалсын. Мен кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам! Сиздердей мыкты жердештерим бар. Спорт мындай учурда мени күчтүү болууга үйрөткөнүн дагы бир жолу кайталайм, менде баары жакшы», — деген Тыныбекова.
Белгилей кетсек, Тыныбекова аныктоочу кармашта япониялык Юкако Каваи менен кез келип, эсеп япониялык кыздын пайдасына чечилип, 4:3 менен аяктаган. Биринчи беттешинде Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшкөн. Аны 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Тыныбекова румыниялык Криста Тунде Инцзе менен күрөшүп, атаандашынын далысын жерге басып таза жеңишке жеткен. Жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен кез келип, 10:0 эсебинде таза жеңишти камсыздады.
Айсулуу Тыныбекова учурда 29 жашта. 2019-жылы өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. 2020-жылдагы дүйнө кубогу мелдешинде да алтын медаль тагынган. Рио-2016 Олимпиадасына катышып, бешинчи орунга жеткен. Кыргызстандык балбан кыз Азиянын төрт жолку чемпиону.
Кыргызстандан Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган Олимп оюндары 8-августта аяктайт. Кыргызстандын байге куржунунда күрөш боюнча 2 күмүш жана бир коло медаль болду.