• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы мелдеште алтын утту

15 Теке 202310:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Тыныбекова болгариялык спортчу Биляна Дудова менен кез келип, 2:1 эсебинде жеңишти камсыздады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү Венгриянын Будапешт шаарында 13-16-июль күндөрү өтүп жаткан “Polyak Imre & Varga Janos Memorial” эл аралык рейтингдик мелдешине катышууда.

Количество просмотров: 112