1-февралдан 5-февралга чейин Хорватиянын борборунда биринчи рейтингдик эл аралык Zagreb Open турнири өтөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайты билдирет.
Турнирге Айпери Медет кызы (76 кг чейин) жана Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) катышат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын эркектер командасы мелдешке чыга элек.