Бүгүн 12-декабрда Кыргыз Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Хорватия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радман менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.
Эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун башчылары саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде экономикалык жана инвестициялык келишимдерге кол коюу жана бизнес-форумдарды өткөрүү аркылуу бекемдөө үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.
Кыргызстан менен Хорватиянын ортосунда миграция, туризм жана энергетика, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында да кызматташууну активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Хорватиянын тышкы иштер министрликтеринин башчылары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Хорватия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык жана консультациялар жөнүндө протоколго кол коюшту.