• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айсулуу Тыныбекова мамлекеттен канча сом сый акы алат?

11 Баш оона 202413:34 Бишкек Govori.TV

Айсулуу Тыныбекова Парижде өткөн Олимп оюндарында коло медаль тагынды. Ал эркин күрөш боюнча 62 кг чейинки салмакта күч сынады.


Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Париждеги оюндарда коло медаль уткан
спортчулар 5 млн сомдон алышат.


2021-жылдагы Токио Олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө алтын медаль үчүн 10 млн сом,
күмүш медаль үчүн 7,5 млн сом жана коло медаль үчүн 5 млн сом убада кылынган. Бирок
Олимпиада аяктап, Кыргызстандын спортчулары кайтып келгенден кийин бул маселе
кайрадан каралып, сыйлыктын суммасы жогорулаган. Тактап айтсак, 2-орун үчүн 10
млн сом, 3-орун же коло байге үчүн 7 млн сом берилди. Ошондой эле 5-6-7-орунга жеткен
спортчулар да 1 млн сом акчалай сыйлык менен сыйланган.


Башкы машыктыруучу үчүн спортчунун акчалай сыйлыгынын 30%ы, ал эми улук жана
жеке машыктыруучу үчүн спортчунун акчалай сыйлыгынын 25% өлчөмүндөгү сый акы
берилет.

Жеңүүчүнүн биринчи машыктыруучусу спортчунун сыйлыгынын 10% өлчөмүндөгү сый акы алат. Медицина кызматкерлерине төлөнүүчү төлөмдөр Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүнүн жалпы байге фондусунун 10%ын түзөт. Ошондой эле жеңүүчүлөргө эки батир жана «Тойота» үлүгүсүндөгү автоунаа убада кылынган.

Айсулуунун жеке машыктыруучусу жана эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама
командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, улук машыктыруучу —Байгазы Кенжебаев

Количество просмотров: 351