• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Айсулуу Тыныбекованы казак спортчусу жонуна көтөрүп алганы көпчүлүктүн көңүлүн жылытты

25 Чын куран 202210:33 Бишкек Govori.TV

Азия чемпионатында казак спортчусунун кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекованы жонуна көтөрүп жүргөн видео социалдык тармакта тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Эске салсак, 22-апрелде Тыныбекова Азия чемпионатында 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болгон.

Беттештен соң Тыныбекова кайрылуу кылып, финалдык беттеште ал жаракат алганын билдирип, колдоого алган мекендештерине ыраазычылык айткан.

Белгилей кетске, ал финалда жапон кызы Нонока Озаки менен беттешкен.

Количество просмотров: 213