• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшүнөн жылдын мыкты балбаны деп табылды

20 Бештин айы 2023 10:23 Бишкек Govori.TV

Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапты. Бул тууралуу уюм социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жарыялады.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова бул жылы үчүнчү жолу Дүйнө чемпиондугун, бешинчи жолу Азия чемпиондугун, Азия оюндарында коло медаль жеңип алган. Ошондой эле ал Египетте өткөн «Ibrahim Moustafa» жана Венгрияда өткөн «Polyak Imre & Varga Janos Memorial» рейтингдик мелдештердин жеңүүчү аталган.

Ошентип, Айсулуу Тыныбекова 95 миң 575 балл топтоп, азыркы учурда 62 кг чейинки категорияда дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.

Количество просмотров: 84