• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айсулуу Тыныбекованын атаандашы белгилүү болду

4 Тогуздун айы 202110:10 Бишкек Govori.TV

Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекованын биринчи атаандашы аныкталды. Чүчү кулактын жыйынтыгын Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму расмий сайтына чыгарды.

Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озаки менен таймашат. Кыргызстандын курама командасынан башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында 3 спортчу жөнөп кеткен. Айпери Медет кызы (76 килограмм) 5-октябрда, ал эми Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) 6-октябрда күрөшөт.

Белгилей кетсек, Норвегиянын Осло шаарында грек-рим, эркин жана кыздар күрөшүнүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрда башталган.

Количество просмотров: 378