• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Айсулуу Тыныбекованын биринчи атаандашы белгилүү болду

2 Баш оона 2021 11:47 Бишкек Govori.TV

Япониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарында күрөштүн грек-рим түрү боюнча 87 килограмм салмак жана кыз-келиндер арасындагы 62 килограмм салмактын чүчү кулак аземи болуп өттү. Анда Айсулуу Тыныбекованын биринчи атаандашы белгилүү болду.

Дүйнөнүн учурдагы чемпиону Тыныбекова Олимпиадада эркин күрөш боюнча 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашат. 1/8 финалда ал латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешет.

Ошондой эле балбан Атабек Азисбеков 1/8 финалда венгриялык Виктор Лоринц менен күрөшөт. Жогорудагы эки спортчу эртең, 3-августа килем үстүнө чыгышат.

Кошумчалай кетсек, Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. 

Количество просмотров: 3368