• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Айсулуунун алтын уткандан кийинки маеги (видео)

6 Тогуздун айы 2021 9:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Балбан кыздын мелдештен кийинки маегин «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюму YouTube баракчасына жарыялады.

«Беттештен кийин машыктыруучумдун мактоо сөздөрүн уктум. Ал эми экинчи ирет дүйнө чемпиону болгонум албетте, мени кубандырат. Токиодо өткөн Олимп оюндарынан кийин беттешке толук кандуу даярданып жетишкен жокмун. Бирок ага карабай жеңишке жеткеним мен үчүн сыймык»,-деди Тыныбекова.

62 килограммга чейинки салмактагы учурдагы дүйнө чемпиону Тыныбекова 4-октябрда беттешин баштап, Япония, Беларусь жана Украинанын спортчуларын катары менен жеңип финалга чыккан. 5-октябрда алтын үчүн болгон кармашта Тыныбекова килем үстүндө америкалык Кайла Миракел менен жолукту. Кыргызстандык балбан аны 7:0 эсебинде жеңип, 2019-жылы Нур-Султанда (Казакстан) алган чемпиондук титулун коргоду.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында аялдар күрөшү боюнча күмүш медаль алган. Тыныбекова учурда 28 жашта.

Количество просмотров: 1282