• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Айсулуунун өлүмүнө шектүү 11 жыл мурун Камила Дүйшөбаеваны да өлтүргөнүн моюндады

15 Тогуздун айы 202511:51 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөгү Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүү 11 жыл мурун Камила Дүйшөбаеваны да өлтүргөнүн моюндады. Бул тууралуу ИИМден тастыктады.

Маалыматка ылайык, 41 жаштагы Кумарбек Абдыров тергөө учурунда 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеваны кантип өлтүргөнүн көрсөтүп берген.

Ал эми президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрдү деген шектүүнүн буга чейинки үрөй учурган кылмыштарын тизмектеген.

Количество просмотров: 219