• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Айт намазда теракт жасоого жардам бермекчи болгон жаран кармалды (видео)

13 Теке 2022 17:09 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун аймагынан “Катиба аль Таухид валь-Жихад” эл аралык террористтик уюмунун активдүү колдоочусу Р.Ж. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал ушул жылдын 7-июлунда борбор калаада кармалган Сириядан келген эки чет элдик согушкерди тосуп алып, бүлүнтүү жана террордук аракеттерди жасоону ишке ашырууда аларга жардам бермекчи болгон. Кармалган террордук уюмдун мүчөлөрү Кыргызстанга ушул жылдын 9-июлунда айт намаз убагында террордук акт жасоо максатында келишкен.

«Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган КР жараны узак убакыт бою чыгыш мамлекеттеринин биринде чет өлкөдө жүргөнү, ал жерде анын Кыргызстанда кылмыштуу ишмердүүлүгүн координациялап турган тууганы тарабынан радикалдык-экстремисттик идеологияга аралашканы аныкталган. Р.Ж. Сирияда атайын террористтик даярдыктан өткөн деген ыкчам маалымат бар»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Количество просмотров: 3606