Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевди бийликти күч менен басып алууга даярданган жана өзүнүн жооптуу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен кылмыш иши боюнча айыптоо актысын бекитти Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтымында кылмыш иши маңызы боюнча кароого Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.
“Аны менен бирге иш боюнча дагы жети айыпталуучу өтүп жатат. Кылмыш иши жашыруун. Бул бардык соттук отурумдар жабык болот дегенди билдирет, эч ким тергөөнүн жана соттун маалыматтарын ачыкка чыгарууга укугу жок, — дейт Айткулов.
