• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Айтматов атындагы лицейдеги окуяны териштирүү үчүн комиссия түзүлдү

25 Чын куран 201911:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.

Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдеги окуяны териштирүү үчүн комиссия түзүлдү. Андан тышкары прокуратура да текшерет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 25-апрелде парламенттин жыйынында билдирди.

24-апрелде аталган мектептин окуучуларынын бир катар ата-энелери мектепке чогултулган акчанын эсебин талап кылып Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышкан.

Чырга байланыштуу мектеп директору Диляра Абдуллаева убактылуу ишинен четтетилген. Кудайбердиева териштирүүнүн жйынтыгы менен анын кызматтан кетер-кетпеси чечилерин айтты.

Министрдин маалыматына караганда, Айтматов атындагы лицей миң окуучуга ылайыкташкан. Бирок учурда 4500 бала билим алат. Алардын 60 пайызынын ата-энелери мектептин фондуна каражат беришери аныкталган. Ата-энелер директорду «каражатты натыйжасыз пайдаланууда» деп айыптап жатышат.

Количество просмотров: 14