Чыңгыз Айтматов көчөсүндө унаа адамды ыргыта сүздү. Соцтармакка тараган видеодон машинанын баратканын, ал эми жөө киши уруксат берилбеген жерден чуркап өтүп баратканын көрүүгө болот.
Жаңы жасалган бул бөлүктө жөө кишилер үчүн чийин жок.
Милициянын кайгуул кызматы жеринде милиционерлер иштеп жатканын, жабыркаган кызды ооруканага алып кетишкенин билдирди.