• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Айтматовдун чыгармаларын аудиолоштурганга канча каражат сарпталганы айтылды

8 Бештин айы 2020 12:37 Бишкек Govori.TV

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары толугу менен аудиолоштурулуп, аудио-китеп версиясы даяр болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда өткөн маалымат жыйында аудио китептин демилгечиси 5-канал телеканалынын башкы директору Эрнис Кыязов билдирди.

Анын айтымында, аудио-китеп версиясы «Көзү азиздер» коомуна, карылар үйүнө, билим берүү министрлигине берилет.

«Орусча сайттарды карасам орус тилинде аудио китептер өтө көп чыгат. Бизде саналуу гана болгондуктан кимдир бирөөгө айтпай өзүм жасап көрүүнү чечтим. Санаалаштарым менен кеңешип, Айтматовдун бардык чыгармаларын аудиолоштуруп, youtube каналга жүктөгөнбүз. Чыгармаларды толугу менен аудиолоштурганга болжол 60-70 миң сом каражат сарпталды»,-деди Кыязов.

Белгилей кетсек, аудио китеп Айтматовдун туулган күнүнө (12-декабрь) карата даярдалган.

Количество просмотров: 34