Кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто “Акылман” балдар бакчасын ачты. Бала бакча 150 балага ылайыкталган. Бул жерде УКМК менен Чек ара кызматынын кызматкерлеринин балдары тарбияланышат. Бул тууралуу кечээ социалдык тармактарда жарыяланды.
Камчыбек Ташиев бала бакчанын ачылышына катышып жаткан кызматкерлерге жана кызматкерлердин жубайларына кайрылды.
Мамлекет кызматкерлердин жашоо шартын жакшыртып, айлык акыларды көтөрүп жаткандыгын, ал эми кызматкерлер күнү-түнү мамлекеттин коопсуздугун сакташы керектигин билдирди.
Андан кийин ал кызматкерлердин жубайларына кайрылып, жолдошторун түшүнүү менен аларды жакшы кароосун, кеч же таңында келсе да туура кабыл алууну айтты. Ден соолук болсо ар бир үй-бүлөдө беш, алтыдан кем бала болбошу керектигин, Кыргызстан ошондо гана өнүгө тургандыгын кошумчалады. Ал эми үй-жай, акча менен анын кызматкерлери камсыздай алышат деди.