Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.
14-майда Финансылык кылмыштарга каршы кызматынын өкүлдөрү тарабынан “Айыл Банктын” мурдагы жетекчиси Мурат Акимов кармалды. Анын кармалышынын себеби банктагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени айтылууда.
Ал эми Финансы полициясынын маалымат кызматы бул кабарды текшерип жатканын айтты.
Эске салсак, 2019-жылдын 29-мартында «Айыл Банк» ААКСынын акционерлери банктын директорлор кеңешинин жана төрагасынын кызматтык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин чыгарышкан.