• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Айыл Банктын» жамааты Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду

24 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

«Айыл Банктын» жамааты аталган банктын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда Асанбаев иш жолун ушул банкта баштап, төраганын орун басары кызматына чейин өз мээнети менен жеткени, кесиптештеринин эсинде мыкты адис, жетекчи катары калганы айтылган.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, адам укугу жана анын эркиндигинин гаранты катары кесиптешибиздин өлүмүнө байланыштуу жагдайдын акыйкат териштирилип, ачуу чындыктын айкын тастыкталышын камсыз кылууну Сизден көптөн көп өтүнөбүз. Көзү өтсө да жакшы адам — Бакыт Рысбековичтин ысымы караланбай, акыйкат жеңип, карыган ата-энеси ак эмгекти туу туткан уулу, ал эми балдары атасы менен сыймыктанып, жашап өткөндөй болсун деген тилекти айтуу менен бирге эле:

— “Айыл Банкка” тиешелүү ишти банк кызматкерлерине кысым көрсөтүүсүз, мыйзам чегинде, адилет териштирилишин камсыз кылууну;

 — укук коргоо органдарынын банк ишине негизсиз кийлигишүүсүнө, б.а. биздин же жабыр тарткан тараптын расмий кайрылуусуз кийлигишүүсүнө  жол бербөөнү өтүнөбүз, анткени бул иш туруктуулугуна кесепетин тийгизбей койбойт;

— Банк кызматкерлери да жарандык коомдун мүчөсү экендигин, алар өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирбегендигин  эске алып,  камакка алуу сыяктуу чараларды колдонууда этияттыктын сакталышын;

— кылмыш иши боюнча такталган гана маалыматтын жарыяланышын  камсыз- кылууну караштырып беришиңизди өтүнөбүз. Себеби жалпыга маалымдоо каражаттарында бурмаланган маалыматтардын жарыяланышы Банктын аброюна шек келтирүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Мунун алдында акыйкатчы Атыр Абдрахматова Асанбаев өмүрүнүн акыркы күнүндө Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсү менен адвокаты жок сүйлөшкөнү аныкталганын билдирди. Мындан улам ал тергөөчү да суракка алынышы керектигин, Асанбаев эмнеге башка камерага которулган жагдай иликтениши зарылдыгын билдирди.

Саясат таануучу Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия 23-июнда УКМКнын тергөө абагынын ичиндеги тасмаларды көрүп чыккан.

44 жаштагы Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылганы кабарланган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.

Количество просмотров: 532