• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ташиев: Мен ушундай жоопкерчиликтүү кызматта турам, убактылуу четтетилгенге болбойт

21 Кулжа 2022 16:08 Бишкек Govori.TV

Cаясат талдоочу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынын өткөрдү. Анда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, маалымат берген.

Ташиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип, комиссия иш алып барып жатканда кызматтан убактылуу четтебей турганын билдирди.

«Мен ушундай жоопкерчиликтүү кызматта турам, убактылуу четтетилгенге болбойт», — деди Ташиев.

Ал ошондой эле комиссия мүмкүнчүлүк түзүп берүү боюнча өтүнүч келтиргенин айтты.

«Эртеңден баштап комиссия келет. Биз аларга бүт мүмкүнчүлүк, шарт түзүп беребиз»,- деди атайын кызматтын жетекчиси.

Эске салсак, саясат талдоочу Марат Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси эсине келбей каза болгон. Ал 2021-жылдын апрель айында «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген шек менен кармалган.

Ал эми “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. Ал коррупцияга шек саналып камакка алынган.

Кийин Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн иликтөө үчүн комиссия түзгөн. Маалым болгондой, комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт. Ага Акыйкатчыдан сырткары Жогорку Кеңештин, тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү жана маркумдардын жакындары кирген.

Количество просмотров: 1262