• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Дыйкан-фермерлер өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты

20 Бештин айы 2021 17:32 Бишкек Govori.TV

Жыйырмага чукул дыйкан-фермерлер өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыкты. Кыргызстандын аймактарынан чогулган дыйкандар лизингге айыл-чарба техникаларын ала албай жатканын айтып даттанды.

Алардын сөзүнө караганда, өкмөт быйыл октябрь айында «Айыл Банк» аркылуу 4,5% насыя берилет деп убада кылган. Дыйкандардын алды лизингге техника алуу үчүн баштапкы төлөмдү төлөшкөн. Бирок, кийин «Айыл Банк» акча жок экенин, насыяны 14% берүүгө даяр экенин билдирген. Дыйкандар 14% өтө эле жогору деп нааразы болууда.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге мамлекеттик банктардын дыйкандарга жеңилдетилген насыя бергенин текшерүү тапшырмасын берген.

Мамлекет башчы Эсеп палатасы атайын тапшырманын негизинде мамлекеттик банктарда ревизия, аудит жүргүзгөнүн, анын жыйынтыгы менен дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3% гана аларга жетип жатканы белгилүү болгонун айткан.

Президенттин тапшырмасынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Айыл Банктын» ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерип, «Айыл Банк» тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюп, ири өлчөмдөгү насыяларды мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары тастыкталган.

Фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча «Айыл Банктын» жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Количество просмотров: 230