Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков ведомстволук бөлүмдөргө жана илимий мекемелерге жаңы кызматтык жеңил унааларды тапшырды.
Министрликтен билдиришкендей, жалпысынан 12 кызматтык унаа Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматына, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментине, “Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги” мамлекеттик мекемесине, ошондой эле Кыргыз дыйканчылык, мал чарба жана жайыттар, ветеринардык жана ирригация багытындагы илимий-изилдөө институттарына берилди.
Аталган унаалар аталган мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында тапшырылды.