• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айыл чарба министри активист Бакай Кашкарбаевди эмне үчүн кеңешчи кылып алган?

27 Чын куран 2021 13:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-апрелде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйын өткөрүп, алдыдагы иш-планы боюнча маалымат берди. Анда министр активист Бакай Кашкарбаевди эмне үчүн кеңешчи кылып алганын айтты.

«Менин прицибим мындай, сын айтасыңбы сунуш бер. Сунуш берсең жаса. Жасайсыңбы жооп бер. Бизде серепчилер менен сунуш айткандар абдан көп, бирок жоопкерчиликти моюнга алыш керек. Министрлик ар бир кыргызстандыктын сунушуна, жардамына жана колдоосуна муктаж. Бакай Кашкарбаевдин элге жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөрү болсо, эмне себептен пайдаланбайбыз? Бир сом акча төлөбөсөк, иш бөлмө бербесек, иш сапарга каражат бөлбөсөк… Биздин саясатты жер-жерлерге жеткирип, элдин мүдөөсүн мага жеткириши керек”. Бүгүнкү күндө ушул маселени чечүү үчүн чоң аракеттерди көрүп жатабыз»,-деди министр.

Эске салсак, активист Бакай Кашкарбаев Айыл чарба министринин кеңешчиси болуп дайындалган. Буга чейин, Кашкарбаев Садыр Жапаровдун тарапташы катары да белгилүү болуп келген.

Количество просмотров: 478